Марал Радиосу

Жаңгакты эмне үчүн жеш керек?

Баарыбызга белгилүү болгон кадимки жаңгактын биз билбеген көптөгөн пайдалары бар. Алардын ичинен адам организмине өтө керектүү 3 касиетине токтолдук.

Жаңгак ашыкча салмак менен күрөшүүдө абдан натыйжалуу. Анткени бул азыктын калориясы абдан жогору. Бир нече жаңгак жеген адам токпейил тартып, көпкө чейин тамактангысы келбей калат.

Экинчиден, жаңгак мээнин иштешине жакшы таасир этет. Бул азыктын курамындагы альфа-линолен кислотасы адамдын эс тутумун жакшыртууга салым кошуп, эрте айнып калуунун алдын алат.

Үчүнчүдөн, жаңгак А жана Е витаминдерине өтө бай болгондуктан, теринин түлөп кетпей, жылмакай тартып туруусуна, чачтын түбүн бекемдөөгө пайдасы өтө зор. Айрыкча аба ырайы алмашып, организм алсырап турган жаз, күз мезгилдеринде дамамат жеп турсаңыз, кадимкидей кубат берет.

Андыктан жаңгакты күнүмдүк тамактын катарына кошуп алсаңыз да болот.