Квотанын айланасындагы окуя дагы бир ирет БШКнын чабалдыгын көрсөттү. Мындай пикирин жарандык активист Атай Бейшебек уулу «Маралдын» эфиринде билдирди.
Анын айтымында, БШК биринчи квотасын карап, анан шайлоонун жыйынтыктарын чыгарганы чын-чынына келгенде атайын жасалган чара катары кабыл алынды.
«Анткени 15-ноябрь күнү, так бир ай мурун булар квота боюнча жобо кабыл алышкан. Жободо 7 мандат ала тургандарга 2 айымдын квотасы туура келери так көрсөтүлгөн. Эми болсо каалагандай калчап койгондой ой жаралып жатат. Эгерде жоопкерчиликтүү мамиле кылып, ошол 15-ноябрда кабыл алып коё турган болсо, коомдо бир да суроо жаралбайт эле. Бул жагдай дагы бир ирет БШКнын чабалдыгын көрсөтүп берди», — дейт ал.