Марал Радиосу

«Манас» аэропортунда туманга байланыштуу каттамдар кармалууда

«Манас» эл аралык аэропортунда бүгүн, 17-декабрда саат 00:00дөн тарта коюу туман байкалууда. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.

Аба ырайынын начардыгынан улам бир нече каттамдардын учуп кетүүсү жана келүүсү кармалууда.

Алсак, Алматыдагы кошумча аэродромго 3 учак конду – Стамбулдан «Түрк аба жолдору», Дубайдан «Флай Дубай» жана Москвадан «Аэрофлот».

Ошондой эле, «АвиаТраффик» компаниясынын учагы Оштогу кошумча аэродромго конду. Кошумчалай кетсек, «Эйр Астана» авиакомпаниясынын Нур-Султан жана Алматыдан уча турган каттамдары да кармалууда.

Аба каттамдары боюнча маалыматты «Манас» жана «Ош» аэропортторунан төмөнкү номерлер аркылуу тактап алсаңыздар болот: «Манас» 0 312 693109, «Ош» 0 3222 90101.