Марал Радиосу

УКМК: Ооганстанга Кыргызстандан күйүүчү май экспорттолгон жок

Ооганстандын нефтетрейдерлери Кыргызстандан күйүүчү май экспорттоп жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

16-декабрга карата Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу жарандарды, автоунааларды жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулган.

Ошондой эле Министрлер кабинетинин ушул жылдын 1-мартындагы токтомуна ылайык, мунай жана мунай продуктуларын ЕАЭБдин чегинен тышкары экспорттоо убактылуу токтотулган.

Мунай жана мунай зат продукциялары Кыргызстандан сыртка ташылып чыгарылып жатат деген маалымат жалган.