Марал Радиосу

«Туратали базары» ишканасынын директору алмашты

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун алдындагы «Туратали базары» ишканасынын директору алмашты.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.

Ишкананын мурдагы директору Манас Усенов кызматтан алынып, анын ордуна Тынчтыкбек Батыркулов дайындалды.

Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.