Connect with us

ЖМК: Ооганстанга Кыргызстандан күйүүчү май экспорттоло баштады

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Дек 2021 | 963 | 0

Ооганстандын нефтетрейдерлери Кыргызстандан күйүүчү май экспорттолуп жатканын билдирди. Бул тууралуу Ооганстандагы Pajhwok Afghan News маалымат агенттиги жазды.

Маалыматта Кыргызстандан күйүүчү май экспорттоо акыркы 10 жылдан бери биринчи жолу болуп жатканы айтылган. Күйүүчү майды ташуу Кундуз провинциясы аркылуу ишке ашууда. Ооганстандык нефтетрейдерлер учурда бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, импорттолгон товарды сактоочу кампаларды берүүнү да өтүнгөн.

Ошол эле учурда Кундуз провинциясынын Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Матин Юсафзай ортодогу 10 жылдык тыныгуудан соң, Кыргызстандан күйүүчү-майлоочу май импорттолуп баштаганын ырастаган.

Күйүүчү май Шерхан Бандар посту аркылуу ташылууда.

Шерхан-Бандар аймагы Кундуз провинциясына таандык. Ал Тажикстан менен чектешкен аймакта жайгашкан.

Декабрдан тарта бензиндин баасы арзандайбы?

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM