Кыргызстанда биринчи жолу KSSDA Awards-2021 мыкты IT-компанияларга эл аралык сыйлык тапшыруу аземи өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Рахат Макеева билдирди.
Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан келген 250дөн ашык конок, анын ичинде эл аралык уюмдардын, бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү, алдыңкы IT-компаниялардын жана банктардын жетекчилери, Жогорку технологиялык парктын резиденттери, жаратуучулар катышат. Ошондой эле блогерлер, медиа өкүлдөрү да чакырылат.
Сыйлыктар «Эң ылдам өнүгүп жаткан IT-компания», «Жылдын ийгилиги», «Жылдын IT-ишкер айымы», «Жылдын IT-ишкер мырзасы», «IT-тармагына кошкон мыкты салым», «Жылдын экспансиясы», «Мыкты IT-компания» аталышындагы 7 номинация боюнча берилет.
KSSDA Awards-2021 сыйлыктарын тапшыруу аземи 22-декабрда Бишкек шаарындагы Cosmopark оюн-зоок борборунун Demir Bank Hall кинотеатрында өтөт.