Жогорку Кеңештин шайлоосуна «Альянс» партиясынан катышкан талапкер Жанар Акаев мандатсыз калышы мүмкүн.
Борбордук шайлоо комиссиясы 15-декабрдагы жыйынында «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.
Жыйында айтылгандай, 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квота кандай сакталары тууралуу жобо өзгөртүлдү.
Азыркы жободо бир партия төрт же жети мандат алса, анын экөө аялдар үчүн сакталат деп жазылган.
Өзгөртүүлөргө ылайык, гендердик квота төрт же алты мандат алгандан кийин сакталат деп жазылды. Бул өзгөртүү жети мандат алган «Альянс» партиясына тиешелүү болот.
«Альянстын» талапкери Жанар Акаевге берилген мандат добуштардын саны боюнча партиядагы үчүнчү аял болгон Токтобүбү Оргалчага өтөт. Анткени Жанар Акаев алган добуштардын саны боюнча партиянын тизмесинде жетинчи орунда турат.
Ага 4 миң 977 адам добуш берген. Мандатты Токтобүбү Оргалча алса болот. Ал 1 миң 284 добуш алды.
«Шайлоодо эркек талапкерлер аял талапкерлерди ыйлатканга чейин барышты»
Жанар Акаев 35 жашта. Ош облусунун Алай районуна караштуу Кабылан-Көл айылында туулган.
2008-2014-жылдары «Азаттыктын» кыргыз кызматында эмгектенген.
2015-жылдын февраль-август айларында чейин президенттин маалымат катчысы болуп иштеген.
2015-жылдын 4-октябрында КСДПнын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
Оргалча Токтобүбү 49 жашта. Ал Кытай Эл Республикасында төрөлгөн. Пекин шаарындагы Синьцзян медициналык университетин кардиология багыты боюнча окуган.
2014-жылдан бери «Мега Компани», «Томас КG», «Шыдыр Жол КG» компанияларын жетектейт.