Марал Радиосу

Жапаров Дубайдын «Акылдуу шаар» борборуна барды (сүрөт)

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмиратына иш сапарынын алкагында Дубай шаарынын полициясынын «Акылдуу шаар» борборуна барды.

Ал борбордун иши жана инновациялык башкаруу системасы менен таанышты.

Акылбек Жапаров «Smart City» борборунун тажрыйбасын изилдөө керектигин, коомдук тартипти жана жарандардын, өлкөгө келген туристтердин коопсуздугун камсыздоонун артыкчылыгын белгиледи.

Жапаров Бириккен Араб Эмиратына 13-декабрда барган. Ал Дубайдагы «EXPO 2020» көргөзмөсүнүн алкагында Кыргызстандын Улуттук күнүнө арналган иш-чарага катышты, «Кыргызстан — Бириккен Араб Эмираты — 2021» туристтик роуд-шоу, бизнес-форумуна барып, эки тараптуу жолугушууларды, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.