Марал Радиосу

Январь айында Күрөш боюнча өлкө чемпиондугу өтөт

2022-жылдын январь айында күрөш боюнча өлкө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу күрөш федерациясынан кабарлашты.

Мелдеш 12-январдан 16-январга чейин Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөрүлөт. Анда балбандар 10 салмакта күч сынашат.

Алгач 12-14-январда эркин күрөш боюнча балбандар, андан соң 14-16-январда грек-рим күрөшү боюнча балбандар килемге чыгат.