Марал Радиосу

VI чакырылыш: Элдин жана эксперттердин баасы

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары өз ишин жыйынтыктоо алдында турат. Иштөө убактысы жетинчи жылга кетип бараткан бул чакырылыш 2015-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоодон кийин келген. 2020-жылдын 4-октябрында парламенттик шайлоо өтүп, нааразычылыктан улам жыйынтыгы жокко чыккан. Быйыл президенттик башкаруунун фонунда биринчи жолу парламенттик шайлоо өтүп, Жогорку Кеңешке кимдер келери 18-декабрга чейин расмий жарыяланары айтылды. Парламенттин VI чакырылышы кандай иштегенин депутаттардын жана серепчилерден сурадык.  

2015-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоодо жети пайыздык чектен  «КСДП», «Республика — Ата Журт», «Кыргызстан», «Өнүгүү–Прогресс», «Бир Бол» жана «Ата Мекен» партиялары өтүп, жалпы 120 депутат мандат алган. Коомчулукта VI чакырылыштагы депутаттардын тизмесин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен анын кеңешчиси Икрамжан Илмиянов түзгөнү ачык айтылып келген.

Жогорку Кеңештин VI чакырылыштагы депутаттары 2019-2020-жылдардагы сессиялык ишинде бир күндө 67 мыйзам долбоорун кабыл алып, парламенттин тарыхында рекорд коюуга жетишти. Ошондой эле ар түрдүү «хайптарды» жаратуу менен бирге парламентте кабыл алынган бир нече мыйзам долбоору коомчулукта ар түрдүү нааразычылыктарды пайда кылды. Ошол эле учурда алкоого алынган иштери да арбын болду.

VI чакырылыштын депутаттары өтө чоң саясий окуяларга күбө болгонун Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев белгилеп, өзүнүн жасаган иштери боюнча төмөнкүлөргө токтолду.

«Бул чакырылыштын өзгөчөлүгү Конституцияда иштөө мөөнөтү 5 жыл деп көрсөтүлсө, оор кырдаалга жараша 6 жыл иштедик. Азыр жетинчи жылга бир ай өттү. Ар ким өзүнүн аракетине жараша иштеди. Ар ким өзү үчүн жооп берет, мен жалпы баа бере албайм. Анан эл баалайт. Алтынчы чакырылыштын айырмасы өтө чоң саясий окуяларга күбө болдук. Мына эки президент, алты премьер-министр шайладык, ушунун баарына күбө болдук. Өзүмдүн ишим тууралуу айтсам, 70тен ашык мыйзамга авторлош болдум, жеке 6-7 мыйзам жаздым, алар азыр иштеп жатат. Учурда Бюджет жана финансы комитетин жетектейм. Активдүү катышып, сессиядан калган жокмун, комитеттин бардык жыйындарына катыштым. Милдетимди толук аткардым деп айта алам». 

Парламентте кабыл алынган бир нече мыйзам коомчулукта ар түрдүү нааразычылыктарды жаратты. Маселен, Канттагы авибазанын 58 гектар жерин Орусиянын убактылуу менчигине берүүгө макул болду; бейөкмөт уюмдардын ишмердигин көзөмөлдөгөн мыйзам кабыл алды; шайлоо босогосун 9 пайызга чыгарып, кайра 7 пайызга түшүрүп, кийин кайрадан 5%га көтөрдү.

Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Жанар Акаев депутаттар көп учурда эл тарапта боло албай, бийликтин айтканынан чыкпаган, бийликтин тапшырмасын аткарган органга айланганын айтты. Ал VI чакырылыштын эң чоң катасы Кыргызстанда парламентаризмди жокко чыгарууга себепкер болгонун белгилеп өттү.

«VI чакырылыштын депутаттары кандай иштегенин кыргыз коомчулугу аябай жакшы билет. Мына ушуга чейин эки президент менен иштешип, азыр үчүнчү президент менен иштешип жатат. 7-8 өкмөт башчы алмашты. Ушул парламент көп учурда эл тарапта боло алган жок. Мурдагы президент айтканда да Башмыйзамды өзгөртүшкөн, жаңы президент келгенде да макул болушту. Бийликтин айтканынан чыкпаган, бийликтин тапшырмасын аткарган парламент болду. Мен эң чоң кемчилиги катары айтарым, Кыргызстанда парламентаризмди жокко чыгарууга себепкер болуп калды. Бирок кандай болгон күндө да — элдин өзүнүн тандоосу. Ошол эле коомчулук сындап жаткан депутаттардын көпчүлүгү мына VII чакырылышка кайра келишти. Демек, маселе бир гана саясатчыларда, депутаттарда эмес. Тандоодон жаңылышкан учурлар да болот. Мисалы, «Кумтөрдөгү» мөңгүлөрдү талкалоо сыяктуу ар кандай коррупциялык мыйзамдарды кабыл алууда коомчулук, экологдор нааразы болуп, эл чыркырап башканы айтып турса да, парламент элди эмес, көбүнчө президентти жана президенттин аппаратын угуп, ошолор айткандай добуш берген учурлары көп болду». 

2020-жылдын 4-октябрында парламенттин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоо болуп, ага 16 партия катышкан. 5-октябрда Жогорку Кеңешке өтпөй калган партиялар митинг өткөрүп, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган. Бийлик нааразы тарапты таратуу максатында ок чыгарган, бирок ага карабай митингчилер Ак үйдү басып алган. Ошол эле күнү абактагы бир канча саясатчы, алардын катарында Садыр Жапаров да камактан чыккан. Башаламандыкты токтотуу максатында 6-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Борбордук шайлоо комиссиясы андан соң парламенттик кайра шайлоону 2020-жылдын 20-декабрына белгилеген эле. Бирок, Жогорку Кеңеш 22-октябрда «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө» мыйзам кабыл алып, VI чакырылыш өз мөөнөтүн 1-июнга чейин узарткан.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын  дагы бир өзгөчөлүгү иштөө мөөнөтү алтынчы жылга өткөндөн кийин мандатын тапшырып кеткендер жана ордуна келгендер көп болду. Бул чакырылышка акыркы депутат болуп Нурбек Исмаилов келип10-ноябрда трибунадан ант берди.

20-октябрда Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп келген Алайбек Алымбаев эки айда мыйзам долбоорун демилгелөөгө жетише албаганын, бирок Салык кодексинин жазылышына салым кошконун айтты.

«Акыркы кыска убакытта депутат болуп келип калдык, бул убакытта көп иштерди жасоого үлгүрбөй калат экенсиң. Ошентсе да аракет кылып, коомдогу маанилүү маселелерди көтөрүп, айрыкча жаңы Салык кодексин иштеп чыгууга аралашып, ошол багытта үзүрлүү иштөөгө аракет кылдым».

VI чакырылыштын алтынчы жылында ар кандай иштер, өзгөчө мыйзамдарды процедураларга карабай, мыйзам бузуу менен кабыл алып турушканы менен эсте калганын саясат таануучу Эмил Жороев белгиледи.

«Дароо эле айтса болот, VI чакырылыш анчалык жакшы эмес элес калтырчу болду. Конституциялык жактан, мамлекеттин түптөлүшүнө караганда алтынчы жылы, бир жылдан ашыгыраак убакытка созулуп кеткен мөөнөттө ар кандай иштер болду. Өзгөчө мыйзам кабыл алууда процедураларга карабай, мыйзам бузуулар көп болду. Ушулардын негизинде эсте калчудай болду. Албетте, 120 депутаттын арасында ар кандай кишилер болду. Баары бирдей жаман, же баары бирдей билимсиз, же бузуку депутаттар болду деген туура эмес болот. Бирок парламент башкаруу системасындагы негизги институт катары жалпы баа берилиши керек. Андан кача албайбыз. Менимче, VI чакырылыш парламентаризм барагында «анчейин жакшы эмес» деген ат менен жазылып калды деген пикирдемин». 

Ал эми көз карандысыз серепчи Руслан Акматбек Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары бийликтин бир бутагы катары эркин саясат жүргүзө алган жок деп эсептейт. Анын пикиринде, VI чакырылыш элдин эсинде сабатсыздыгы, тайыздыгы, «кнопка баскычтыгы» менен гана калды.

«Бул чакырылыш өлкөгө эң чоң кыянатчылык жасады. Себеби парламентаризмди дискредитация кылды, парламентти жаманатты кылды. Эл өкүлү деген атты жокко чыгарып, бизди кайра эле авторитаризмге, өзүм билемдикке, бир кишинин башкаруусуна алып барды. Булардын тарых алдында жасаган жана жасабаган иши менен абдан чоң жоопкерчилиги бар. VI чакырылыш элдин эсинде эң көп сабатсыздыгы, тайыздыгы, «кнопка баскычтыгы» менен гана калды. Тарыхтын олуттуу учурларында өзүнүн эл өкүлү ролун аткара алган жок. Тарыхта биринчи жолу кол салуу болду, ошондо да туруп берди; пандемия болду, анда да үн  ката алган жок; коррупцияны көрдүк, андан да эч нерсе чыгара алган жок. Башкача айтканда, VI чакырылыш «нотариалдык контора» деген ат менен, президенттик бийликти бекемдеген «кнопка баскычтар» менен гана эсте калды».

Жогорку Кеңешке 28-ноябрда өткөн шайлоонун толук жыйынтыгы 18-декабрга чейин чыгат. Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланышы керек.

Exit mobile version