Марал Радиосу

«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинги тоо-кен тармагына реформа жасайт

Финансы министрлигинин алдында 13-декабрда «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниясы түзүлдү. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Холдинг компания түзүүнүн негизги максаты эл аралык тажрыйбалар аркылуу жер казынасын пайдалануу жана бул багыттагы экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик ресурстарды жогорку деңгээлде топтоштурган түзүм уюштуруу болуп саналат. Компаниянын түзүлүүсү боюнча мамлекеттик органдардан маалымат алып, серепчилердин оюн тыңдадык. Кененирээк төмөндө. 

Башкаруусун 100% мамлекет көзөмөлдөгөн «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниясын түзүү президент Садыр Жапаров ушул жылдын 29-январында кол койгон «Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө» жарлыкты аткаруу максатында кабыл алынган. Анын баштапкы капиталы 100 млн сом деп белгиленди. 2022-жылы бул сумманы 1 млрд сомго жеткирүү мерчемделүүдө.

Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматта «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниясын түзүүнүн негизги максаты эл аралык тажрыйбалар аркылуу жер казынасын пайдалануу жана бул багыттагы экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик ресурстарды жогорку деңгээлде топтоштурган түзүм уюштуруу болуп саналары айтылат.

Ошондой эле компанияны Финансы министрлигинин алдында түзүлгөнүн маалымдашкан. Бирок министрликтин басма сөз кызматы каражат жагын гана карай турганын, калганына жооп беришпесин билдирди.

«Ооба, негизи «Финансы министрлигинин алдында түзүлдү» деп жазылып жатат. Бирок максаты, түзүмү боюнча Экономика жана коммерция министрлигине карайт экен. Биздин жооп бере ала турганыбыз каражат жагы эле экен, болду».

Ал эми бул боюнча берген сурообузга Экономика жана коммерция министрлиги жооп берген жок.

Экономика министринин мурунку орун басары Элдар Абакиров муну «Кыргызалтын» ишканасын кайталаган же ошону алмаштырган эле компания катары түшүнгөнүн айтты.

«Бул «Кыргызалтын» ачык акционердик коомун алмаштырган, ошол сыяктуу эле бир компания болот экен. Анткени «Кыргызалтын» да жеке компанияларга: мисалы «Терек-Сайга», «Солтон-Сарыга», «Талды-Булакка» мамлекет катары кирип, өзүнүн үлүшүн алат. Бул да ошол сыяктуу эле холдинг болуп жатат окшойт. Менин оюмча, «Кыргызалтын» менен эле андан ары иштесе болмок. Жалпысынан мамлекет салыкчы катары өзүнүн кирешесин алганы туура болот, ал эми чарбачылык ишке кийлигишкени — менин оюмча, туура эмес».

«Кыргызалтын» ачык акционердик коому — алтын кенин өндүрүүчү ири ишкана. Ал алгач 1992-жылы мамлекеттик концерн катары түзүлгөн. Максаты тоо-кен тармагында иштегендердин башын бириктирүү, ишканаларды колдоо жана алтын кенин өздөштүрүү боюнча сунушталган жаңы долбоорлорду ишке ашыруу болуп саналат. Акционердик коом сырьё базасын өнүктүрүү, алтын кендерин комплекстүү өздөштүрүү, өндүрүш деңгээлин туура пайдалануу, техникалык коопсуздукту түзүү, айлана-чөйрөнү коргоо жана башка стратегиялык иш-чараларды жүргүзөт. Курамында «Макмал» алтын комбинаты, «Терек-Сай», «Солтон-Сары» кендери, автотранспорт ишканасы, «Аффинаж» заводу, зергерлик цехи, «Кыргыз деңизи» санаторийи жана башкалар бар.

Соцтармактын колдонуучулары бир тармакта маселе жаралса, аны чечүү үчүн Өкмөт ошого тиешелүү дирекция, агенттик же мекеме түзүү жолуна өтүп алганын белгилешип, улуттук холдинг компаниянын уюштурулушун ошол сыяктуу сыпатташууда.

Жарандык активист Атай Бейшебек уулу холдингдин максаты боюнча коомчулукка кеңири маалымат берилиши керектигин белгилеп, аны казактардын «Самрук казынасына» окшоштурду.

«Улуттук холдинг компаниянын түзүлүшү коомчулукка жаңы маалымат болуп жатат. Анын кандай максатта, кандай иштерди өзүнө камтый турганы бүгүнкү күндө толук кандуу түшүндүрүлө элек. Азыркы маалыматтар боюнча талдай турган болсок, бул казактардын «Самрук казынасына» окшош долбоор көрүнөт. Кен байлыктардын бардыгы бир саясатта, бир уюмдун алдында иш алып барууга багытталган. Бирок, бул ачыкталбаса, коомчулукта дагы да болсо суроолорду жарата берет. Себеби «Кумтөрдүн» иш алып баруусу ачыкталбай, коомчулукта күндөн-күнгө суроолор көбөйүп жатат. Ошондуктан, эгерде бул улуттук холдинг жалпы кен байлыктарды камтый турган болсо, кандай максатта иштегени элге ачык-айкын жана тез арада жеткирилиши керек. Эсиңиздерде болсо, Лондондо өткөн кен байлыктар боюнча тегерек столдо «Кумтөрдүн» тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк ушул «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниясынын төрагасы катары катышып келген. Ал маалыматтар жана бүгүнкү коомчулукта талкууланып жаткан маалыматтарга караганда Өкмөттүн кандайдыр бир ички чечими жана стратегиясы катары гана элес калтырат. Мунун канчалык максаттуу экенин коомчулукка түшүндүрүү керек. Эгерде биз «Кумтөрдүн» алкагында ачык-айкындыкты, экологиялык зыянсыз кенди иштетүүнү үлгү катары көрсөтө алсак, анда холдингдин келечеги бар, а эгерде ушул бойдон жашыруун форматта иштер улана берсе, анда холдингди ачууга суроо-талап жок».

Белгилей кетсек, 30-ноябрда Лондондо MINEX Eurasia 2021 тоо-кен тармагы боюнча эл аралык конференция болуп өткөн. Ага «Кумтөрдүн» тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк жана жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова катышкан. Ушул иш-чаранын сайтында Тенгиз Бөлтүрүк сөз болуп жаткан «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» (Great Nomads Heritage) компаниясынын жетекчиси катары көрсөтүлүп, тоо-кен тармагына инвестиция салуу боюнча баяндама жасаганы жазылган.

Ошондой эле Кыргызстандын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова жана Кыргызстандын «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниясынын жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк баштаган делегация менен жеке жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушканын кабарлаган.

1-декабрда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов да Лондон шаарындагы Mines and Money дүйнөлүк тоо-кен көргөзмөсүндөгү Кыргызстандын улуттук стенди менен таанышканын Өкмөттүн сайты маалымдаган.

Мындан улам улуттук холдинг компания 13-декабрда эмес, ноябрь айында эле түзүлүп, ага Тенгиз Бөлтүрүктүн жетекчи катары дайындалганын аңдоого болот. А бирок андан бери эмне себептен жашырып жатканы азырынча түкшүмөл бойдон калууда.

Бул маселеге жооп алуу үчүн «Кумтөр» ишканасына суроо салганыбызда, алар кат жазып кайрылуубузду өтүнүштү. Бирок жөнөткөн катыбызга ушул кезге чейин жооп келе элек.

Мирлан Бакиров: Улуттук холдинг компаниясынын жетекчиси дайындала элек

Exit mobile version