Марал Радиосу

«Корукчу» тасмасы Италиядагы кинофестивалдын финалына чыкты

Кыргызстандык режиссёр Мирлан Абдуллаев тарткан «Корукчу» (Ranger) даректүү тасмасы Италиядагы кинофестивалда финалга чыкты. Бул жаңылык кинофорумдун расмий сайтына жарыяланды.

Climate Space эл аралык фестивалында 17 тасма финалга тандалып алынган. Фестиваль 1-декабрда Миланда башталган, 18-декабрда жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр сыйланат.

Даректүү тасмада Токтогул районундагы «Алатай» жаратылыш паркы ачылган 2016-жылдан бери корукчу (егерь) болуп эмгектенип келаткан Нуржигит Мамбеталиевдин бир күндүк жашоосу чагылдырылган.