Марал Радиосу

Жаш төкмө Темирбек Матыбаев Казакстанда өткөн айтышта I орун алды

Жаш төкмө акын Темирбек Матыбаев Казакстанда өткөн эл аралык айтышта биринчи орун алды. Бул тууралуу Асылбек Маратов «Фейсбук» баракчасында жазды.

Казакстандын Акмола облусунун Көкчө-Тоо жергесинде «Тәуелсіздік тұғырым» (Эгемендик бийик серем) эл аралык айтышы өтүп, ага Кыргызстандан Асылбек Маратов менен Темирбек Матыбаев да катышкан. 

Айтышта Темирбек Матыбаев биринчи орунда алса, Асылбек Маратовго ат мингизишкен.