Марал Радиосу

АКШ Кыргызстанга 49 миң 140 доза Pfizer вакцинасын тапшырды

АКШ өкмөтү Кыргызстанга Pfizer вакцинасынын 49 миң 140 дозасын тапшырды. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Вакцина COVAX программасынын алкагында берилген. Жүктү аэропорттон АКШнын Кыргызстандагы убактылуу өкүлү Соната Коултер, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тосуп алды.

Айта кетсек, АКШ Pfizer вакцинасынын экинчи партиясын жөнөттү, биринчи партиясы 27-октябрда келген.