Марал Радиосу

Энергохолдинг: Ишкана кызматкерлери электр энергиясын ашыкча колдонгон

Улуттук энергохолдинг энергетикалык ишканалардын кызматкерлеринин электр энергиясын керектөө лимитинин сакталышын текшерүүнү демилгелеген. Бул тууралуу компаниядан билдиришти.

Текшерүү учурунда акционердик коомдордун айрым жетекчилери жана бөлүм башчылары тарабынан 5 киловаттка чейин  электр энергиясы ашыгы менен колдонулган.

Энергетиктер ишканалардагы энергияны керектөөчү кубаттуулуктарды да өчүрө башташты.

Энергетикалык каатчылыкка жана аткаминерлердин электр энергиясын үнөмдөө боюнча тынымсыз чакырыктарына карабастан, Чолпон-Ата шаарында УКМК кызматкерлери криптовалютаны (биткоин) казып алуу боюнча кен иштетүүчү чарбаны аныктаган.

Аны жергиликтүү бөлүштүрүүчү аймактын жетекчиси ачкан.