Марал Радиосу

Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы масштабдуу ачкачылык жарыялоо кандай болгон?

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова 2002-жылы өзүнүн санаалашы, экономист Шералы Назаркулов кандай жагдайда каза тапканын «Маралдын» эфиринде эскерди.

2001-жылы Кыргызстандын тарыхына өзгөрүү киргизген өтө бир чоң окуя болгон — Үзөңгү-Кууш маселеси көтөрүлүп баштаган.  Ошондо Турсунбек Акун, Бегиш Аматовдор сыяктуу активисттер чогулуп жыйын өткөрүп, «Проблемалуу чек араларды коргоо комитети» деген комитетти түзүп, Азиза Абдирасулова ага мүчө болуп калат. Комитет жайдан кеч күзгө чейин иштейт.

«Кышында 5-январь күнү Азимбек Бекназаров камалып калды, Үзөңгү-Куушту коргогону үчүн камалды дешти, а биз Үзөңгү-Кууштун проблемасы менен комитет түзүп жүргөнбүз. Ошондо биздин комитетте 13 киши эле. Биз 10-январда Жогорку Кеңешке келсек, Аскар Акаев өзү келип катышты. Ошондо Турсунбек Акун  биз менен кеңешпей туруп эле Жогорку Кеңештин трибунасынан: «Биз, укук коргоочулар, барып ачкачылык жарыялайбыз»,-  деп жарыя кылып салды. Кыштын күнү, суук… Анан ошол отурган боюнча эле барып ачкачылык жарыялап отуруп калдык. Биринчи төртөөбүз элек, анан Аксыдан үчөө келип кошулду. Мени катчы кылып коюшту. Күнүгө кошулгандардын аты-жөнүн жазам. Тамак таптакыр жебей, суу жылытып ичип отурдук. 6-7 күндөн кийин бизге кошулгандардын саны 700гө жеткен. Аксынын өзүндө эле 400дөй адам кармады. Базар-Коргондуктар, таластыктар кошулуп кетишти. Кочкордон кошулушту. Ошентип Кыргызстан боюнча ачкачылык жарыялагандардын саны көбөйүп кетти. 17-январь күнү бизге Шералы Назаркулов келип кошулду. Ал да биздин комитеттин мүчөсү эле», — дейт ал.

Ачкачылык жарыялагандан 12 күн өтүп, Азиза Абдирасулова эс-учун жоготуп, ооруканага түшөт. Ооруканада он күндөн ашык жатып, чыкканда үйүнө да барбастан түз эле Агропромго келет.

«Шералы алдыман чыкты, алдан тайып калыптыр. Мен ага:»Шералы, сен токтоткун, кан басымың жогору эле», -дедим. Анан үйгө барып, 2-3 күн чыга албай жатып, 6-февраль күнү Агропромго келсем, бир элчи келип биз менен жолугушуу өткөрүп калды. Анан ошол жерде отурсак эле мага: «Шералы байке чакырып атат», — дешти. Барсам, Шералы башын кармап отурган экен, менин тиземе кыйшайып эле жатып калды. Ошол боюнча эсине келген жок. Зорго: «Азиза, ооруганда сен кандай болдуң эле?»- деп айтты. Тез жардам кызматын чакырдык. Ошол бойдон таңга жуук үзүлүп кетти. 7-февралда Шералы Назаркуловду ошентип жоготуп алганмын», -деп эскерди укук коргоочу.

 

 

 

 

Exit mobile version