Марал Радиосу

Бишкекте болгон жол кырсыктан бир адам каза тапты (видео)

Бишкек шаарында үч унаа кагышып, бир адам каза тапты. Бул тууралуу koroche.kg Телеграм-каналы видео жарыялады.

Бишкек шаарынын кайгуул кызматы берген маалыматка караганда, кырсык бүгүн, 10-декабрда саат 9:00 чамасында болгон. 7-апрель көчөсү менен Аалы Токомбаев (Түштүк магистраль) көчөлөрүнүн кесилишинде Lexus, BMW жана Toyota Estima унаалары кагышкан.

Ыкчам медицина борбору бул боюнча «БМВнын» айдоочусу жеринде каза таап, «Лексустун» эки жүргүнчүсү  оор жаракат менен ооруканага жеткирилгенин маалымдады.

Учурда унаалар айып аянтына коюлду. Кырсыктын себептерин иликтөө иштери жүрүп жатат.