Марал Радиосу

ПЦР тесттин жарамдуулугу 72 сааттан 48 саатка чейин кыскартылат

Саламаттыкты сактоо министрлигине мамлекеттик чек араны кесип өткөндөрдүн ПЦР тесттен өтүү убактысын 72 сааттан 48 саатка чейин кыскартуу маселесин кароо тапшырылды.

Мындай чечим коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын жыйынында кабыл алынды.

Жыйында айтылгандай, жакынкы арада Кыргызстанга келген бардык жактардын маалыматын электрондук түрдө каттоо киргизилет.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов COVID-19 вирусунун жаңы штаммынын өлкөгө киришинин жана жайылышын алдын алуу боюнча чараларды күчөтүүнү тапшырды.

Анын айтымында, Министрлер кабинети чек аралардын жабылышына каршы, бирок алдын алуу чараларын күчөтүү керек.