Марал Радиосу

Тилек Батырканов президенттин иш башкаруучусу болду

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Тилек Батырканов президенттин иш башкаруучусу болуп дайындалды.

Президенттин иш башкаруучусу Бактыбек Кудайбергенов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулган.

Буга чейин Тилек Батырканов президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары болуп иштеп келген.