Марал Радиосу

Оту качкан жайыттарды 20 жылга ижарага берүү сунушталууда

Жогорку Кеңештин 9-декабрдагы жыйынында жайыттарга көзөмөл жүргүзүү жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча чаралар сунушталды. Мыйзамдын негизги максаты жайыттарды жеке жактарга 5 жылга чейинки мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берүү болуп саналат. Бул мыйзам долбоору депутаттарда ар түрдүү суроолорду пайда кылып, бир нече сунуштар айтылды. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Парламенттин бүгүнкү жыйынында жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу чаралары сунушталды. Баяндама жасаган айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов мыйзам долбоору мамлекеттик жайыттарды сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу, айыл чарба жерлеринин бузулушуна жол бербөө, жайыттарды көзөмөлгө алууда жергиликтүү бийликтин ролун жогорулатуу жана жоопкерчилигин күчөтүү максатында иштелип чыкканын маалымдады.

«Мыйзамдын негизги концепциясы оту качкан жайыттарды жарандардын колдонуусуна берүү болуп саналат. Мыйзам долбоору жарандарга 20 жылга чейин айыл чарба багытында иштетүүгө берүү сунушталып жатат. Оту качкан жайыттар жарым миллион гектарга жакын. Азыркы убакта андай жайыт үчүн гектарына 12 сом гана салык төлөнөт. Эгер ал жер жашылдандырылса, 205 сомдон салык төлөнөт. Тагыраагы, жайыт жерлерин жеке жана юридикалык жактарга аң уулоо, балчылык, дары чөптөрдү чогултуу, мөмө-жемиш терүү, чөп жана отун дайындоо, пайдалуу кендерди казып алуу, жеңил байланыш курулмаларын орнотуу, туризм, балык уулоо максатында, жергиликтүү калктын кызыкчылыгын эске алуу менен, 5 жылга чейинки мөөнөткө, кийин аны 20 жылга чейин узартып убактылуу пайдаланууга берүү сунушталууда».

Кыргызстанда 9,5 млн гектарга чукул жайыт бар. Анын 4706 миң гектарын ижарага берүү мерчемделүүдө. Оту качкан жайыт үчүн гектарына 12 сом гана салык алынып келген болсо, мыйзам долбоору боюнча ал жер өздөштүрүлүп, бакчага айландырылса, 205 сомдон салык алынып, бул бюджеттин киреше бөлүгүнүн көбөйүшүн шарттайт.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев жайыттар кимдерге жана кандай негизде бериле турганына кызыкты. Министрликтин өкүлү жайыт жерлерди алууга долбоорлор сунушталса, тендердин негизинде каалаган жаранга ачык-айкын берилерин белгиледи.

«Бул Жер кодексинин 29-беренесине ылайык, ачык-айкын конкурс аркылуу берилет. Ошол жердеги оту качкан жайыттарды айыл өкмөттүн жер комиссиясы тастыктап, мынча жер ижарага берилет деп жарыялайт».

Депутаттар Дастан Бекешев жана Алмазбек Токторов көпчүлүк учурда мындай жерлерди жергиликтүү кеңештин депутаттары алып келишкенин белгилеп, ижарага бериле турган жайыттар боюнча элге түшүнүктүү, жөнөкөй бир сайт ачууну сунуштады.

Ал эми депутат Тариел Жоробеков жайыттарды пайдаланууга берүү үчүн жергиликтүү калкка үстөк пайызы төмөн насыя берүүнү кошо карап, мамлекет жардам бериши керектигин белгиледи.

«Биз жергиликтүү дыйкан, фермерлерге басым жасашыбыз керек. Анткени жер шартын жакшы билишкендиктен алардын алганына мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек. Инвестиция тартуу деп айтып жатпайбызбы, жөнөкөй дыйкан чоң инвесторлорду тартып келе албайт. Ошондуктан аз пайыз менен насыя же мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүүчү долбоор иштеп чыгып, ушул долбоор менен шайкеш алып барсак, ошондо бул ишибиз жүрөт. Анан эле аты-жыты жок бирөө барып эле инвестор алып келдим деп, өзүнүн каражатын салып, бир айылды ээлеп алса, 20 жылдык мөөнөттө дыйкандардын жери, жайыты тарыйт. Ошол жерде көралбастык, ичи тарлык башталат».

Өз кезегинде Нурлан Шерипов сынактын жобосу даяр экенин белгилеп, пайдалануучуларды колдоо максатында насыялар берилерин кошумчалады.

Депутат Арсланбек Ражапбаев жайыттарды алгач 5 жылга ижарага берип, андан кийин ишине карап 20 жылга узартууну сунуштады. Ошондой эле ал жайыттарга болгон баа саясатын ким жүргүзөрүнө кызыкты.

Айыл чарба министринин өкүлү бааларды жергиликтүү деңгээлде түзүлгөн комиссия аныктаарын белгиледи.

«Өкмөттүн 535-токтомунда так көрсөтүлгөн. Жергиликтүү комиссия иштеп чыгып, айылдык кеңештин депутаттары менен биргеликте бир баага келишет. Себеби ар бир райондо, керек болсо ар бир айылда ар кандай баада сатылат. Ошондуктан ошол жердеги комиссия чечет. Бул жерде эч кандай коррупциялык элемент жок, бардыгы 535-токтомго ылайык, бир айдын ичинде сайтка жайгашат. Көз карандысыз баалоо болуп, аны айылдык кеңештин депутаттары дагы бир сыйра карап туруп, баштапкы баасы ошол жерден башталат. Ачык-айкын бир ай сайтта аукциондо турат».

Талкуудан соң мыйзам долбоору тиешелүү сунуштарды эске алуу менен биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Exit mobile version