Марал Радиосу

Назарбаев менен Жапаров соода-экономикалык маселелерди талкуулашты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нур-Султанга жасаган иш сапарында Казакстандын тунгуч президенти, Эл башы Нурсултан Назарбаев менен жолукту.

Төрага менен Эл башы эки тараптуу кызматташтыкты, анын ичинен соода-экономикалык алака, өлкөлөр аралык товар жүгүртүү маселесин талкуулашты. Назарбаев бул жаатта боордоштук жана коңшулук мамилеге жараша иш алып барышарын билдирди.

Ошондой эле Акылбек Жапаров Казакстанды эгемендик алганынын 30 жылдыгы менен куттуктап, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун саламын жолдоду.