Марал Радиосу

Ноокат: Кулатов айылына жаштар «Тез жардам» унаасын алып беришти (видео)

Ноокат районундагы Кулатов айылынын жаштары ооруканасына «Тез жардам» унаасын алып беришти. Бул тууралуу айыл тургундары билдирип, сүрөт, видео жөнөтүштү.

Тургундардын айтымында, унаа №16 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна берилген.

Айылда буга чейин дагы бир «Тез жардам» унаасы болгон. Бирок эскиче жабдылгандыктан, учурдун талабына жооп берчү эмес.

Айыл эли жаңы «Тез жардам» унаасы заманбап талаптарга жооп берерин белгилешип, демилге көтөргөн жаштарга ыраазычылыктарын билдирип өтүштү.