Марал Радиосу

Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү 10,848 млрд куб метрди түздү

Бүгүн, 8-декабрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд 848 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 173 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 473 куб метрге жетүүдө.

Быйыл Токтогулда суу кескин азайып, кооптуу чекке жетти. Апрель айында ГЭСтеги суу 8,5 млрд куб метрге чейин төмөндөдү.