Марал Радиосу

«Окуу китебин жазууда алгач авторлордун өзүн окутуу керек»

Бүгүн, 7-декабрда Бишкек шаарында окуу китептеринин абалын талкуулаган алгачкы республикалык илимий-педагогикалык конференция өттү. Өлкөдө окуу китептеринин мазмунуна нааразы пикирлер айтылат. Мындан улам аны текшерүү үчүн атайын борбор түзүлгөн. 

Кыргызстанда соңку жылдары 3 миллионго жакын китеп басылып чыккан. Басылмадан кеткен каталар, кемчиликтер коомчулукта кеңири талкууланып, китептин авторлоруна бир катар сындар айтылып келет. Педагогика илимдеринин кандидаты Алмазбек Токтомамбетов да ушул көйгөй боюнча кеп козгоду. Анын пикиринде, окуу китептериндеги кемчиликтерди жоюуда авторлордун деңгээлин көтөрүп, аларды окутуу керек.

«Кандай кемчиликтер бар? Биринчи кемчилик, окуу китептерин даярдоодо, жазууда авторлордун теориялык билими жетишпейт, окуу китебинин концепциясы эмне экени тууралуу маалымат жок болуп калган учурлар болот. Ошондуктан биринчи кезекте авторлордун деңгээлин көтөрүү зарыл. Аларды окутуп, даярдыктан өткөрүүбүз керек».

Өтүп жаткан конференция авторлорго заманбап окуу-методикалык басылмаларды түзүүдө башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Авторлордун жана басмалардын, сапат боюнча эксперттердин, усулчулардын, мугалимдердин окуу материалдары менен иштөөсүндөгү өзгөчөлүктөрүн байкоого шарт түзөт.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында, окуу китептериндеги кемчиликти жоюу максатында атайын «Окуу китеби» деп аталган илимий-практикалык борбор түзүлгөн. Анда эксперттер тобу иш алып барат.

«Биз илимий-практикалык окуу борборун түздүк. Ал жерде адистер иштейт, бирок эч качан иштеп жаткан учурда китеп жаза алышпайт. Анткени кызыкчылыктардын кагылышуусу болбошу керек. «Окуу китебинен» кеткенден соң, жазганга укугу бар. «Окуу китебине» келгенге чейин жазса болот. Бирок иштеп жаткан учурда жаза албайсың, автор боло албайсың. Эң негизгиси, биз жоопкерчиликти конкреттүү аныктадык. Мисалы, эксперт окуу китебин экспертизадан өткөрүп жатса, демек, юридикалык, каржылык, деги эле бардык жактан жоопкерчилигин да алат».  

Аталган окуу борборго эксперттер бир катар критерийлер менен: илимий даражасы бар окумуштуулар, тажрыйбалуу мектеп мугалимдери, атайын билим берүү боюнча адистер, чет элдик дасыккан адистер тандалып алынган. «Окуу китеби» борборунун эксперти, Кыргыз билим берүү академиясынын кафедра башчысы Бактыгүл Рысбаева окуу китептерин жазууда коюлуп жаткан талаптарды санап берди:

«Окуу китебин жаза турган авторлор адегенде, окуу методикалык комплексинин концепциясын иштеп чыгышы керек. Концепциянын ичинде окуу китепке коюлган талаптар, критерийлер камтылат. Мына ошол критерий, талаптардын негизинде жазылган окуу китептер структуралык, логикалык жактан абдан сапаттуу болот. Басылмалар ушундай системалуу түрдө иштелип чыкса, биздин окуучуларыбызды компотенттүү, келечекте турмушка жакын кылып даярдап алат элек».

Ата-энелер окуу китептериндеги грамматикалык, мазмундук каталарга, жаңылыш маалыматтарга даттанып келишет. Бул иш үчүн өз учурунда билим берүү жана илим министри да кызматынан бошотулган.

2019-жылы Башкы прокуратура сапатсыз китептер боюнча кылмыш ишин козгоп, андагы келтирилген чыгым 33 миллион долларга бааланган.

Exit mobile version