Марал Радиосу

Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү 10,8 млрд куб метрге чейин азайды

Бүгүн, 7-декабрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд 874 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 147 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 422 куб метрге жетүүдө.

Быйыл Токтогулда суу кескин азайып, кооптуу чекке жетти. Апрель айында ГЭСтеги суу 8,5 млрд куб метрге чейин төмөндөдү.