Марал Радиосу

Дзюдочу Анарбек Ишенбаев Азия чемпиону болду

Дзюдочу Анарбек Ишенбаев жаштар арасында Азия чемпиону болду. Бул тууралуу prosports.kg сайты жазды.

Жаштар арасында дзюдо боюнча Азия биринчилиги 2-декабрдан 6-декабрга чейин Ливандын борбору Бейрут шаарында өтүп, ага Кыргызстандан 19 бала, 7 кыз, жалпы 26 балбан жөнөп кеткен.

Анарбек Ишенбаев 90 кг салмакта күрөшкөн. Бул салмакта 9 балбан катышкандыктан, беттештер 1/4 финалдан башталган.

Кыргызстандык балбан биринчи кармашында Пакистандын балбаны Сажжад Ханды, жарым финалда казакстандык спортчу Айдар Араповду жеңип алган.

Финалдык беттеште Түштүк Кореядан келген балбан Ли Намхунду утуп, чемпион аталды.