Биз менен байланышыңыз

«Марал» радиосу 10 жылдыгын белгилеп жатат

Кыска кабар | 6 Дек 2021 | 1947 | 0
"Марал" радиосунун жамааты. 2020-жыл

Кыргызстандын медиа айдыңында 10 жылдан бери обого чыгып келе жаткан «Марал» радиосу бүгүн 10 жылдыгын белгилеп жатат. Салтанаттуу иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.

Бул маанилүү дата тууралуу «Марал» радиосунун башкы редактору Түмөнбай Абдинаби уулу:

«10 жыл айтканга оңой болгону менен биз үчүн өзүнчө тарых, өзгөчө мөөнөт болду. Коомчулукка туура, так маалымат берип, адамдардын ишенимдүү маалымат булагына айлангыбыз келчү. Элибиздин улуттук, адамдык баалуулуктарынын бекемделишине салым кошуп, адамдардын коомдук-экономикалык, социалдык, маданий түшүнүктөрүн калыптандырган медиа болуу кыялыбыз ишке аша баштады.

Алгач Ош шаарында обого чыгып, анан Кыргызстандын бардык аймагына жеттик. Кыргыз медиа айдыңында “Марал” деген бренд пайда болуп, коомчулуктун ишенимдүү маалымат булагына айландык. Коомдогу ар кайсы катмарынын үнү болуп, баарына бирдей аянтча түзө алганыбыз, бейтарап принцибин карманганыбыз бизди өзгөчөлөнттү.

Ишибиз алгач радио аркылуу гана башталган болсо, убакыттын өтүшү менен сайтыбызды ишке киргиздик. Андан кийин жаңы платформа катары “Марал” телеканалы да обого чыгып, өз көрөрмандарын таап келүүдө. Алыста жүргөн мекендештерибизге да жеткиликтүү болуп, интернет колдонуучуларына ыңгайлуу болуусу үчүн онлайн тиркемебизди чыгардык.

Бул биз үчүн улуу сапардын башталышы. Келечекке койгон көптөгөн пландарыбыз бар. Ар бир адамдын турмушуна оң таасир берип, коомдун, өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө болгон ата мекендик медиа-бренд бойдон калгыбыз келет», – деп билдирди.

«Марал» теле-радиокомпаниясы 2010-жылы Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн. 2011-жылдын 11-декабрында компаниянын алдында “Марал” радиосу түзүлүп, эфирге чыккан. Радионун иши элдин ар кайсы катмарындагы адамдардын ыктыярдуу түрдө көрсөткөн жардамы менен башталган. Айрымдар айдап жүргөн унаасын, кээ бирлери зер буюмдарын, бар акчасын берип, улуттук медиа бренддин түптөлүшүнө салым кошушкан.

«Марал» телерадио берүү компаниясы учурда медиа катары радиоуктуруу, телекөрсөтүү, сайт багытында иш алып барат. Уюшулганынын 10 жылдыгына карата “Маралдын” кызматкерлери апалары менен” иш-чарасы өткөрүлдү. Ошондой эле айрым кызматкерлер Өзбекстандын медиа тармагы менен таанышып, үч шаарына саякат жасап келишти. Андан тышкары “Бишкектеги мекемелерге саякат” иш-чарасы уюштурулуп, кызматкерлери ай сайын бирден мекеме, ишканалардын абалы менен таанышып кайтышты. Жалпыга маалымдоо каражаттары арасында футболдук мелдеш өткөрүлдү, жаңы телестудия ишке берилди.

Copyright © 2017 Maral FM