Марал Радиосу

Бишкекте таштандыны чогултуп, сактоо боюнча пилоттук долбоор ишке кирет

Бишкек мэриясы таштандыларды жер астындагы чогултуу жана сактоо боюнча пилоттук долбоорду баштады. Бул туралуу мэриянын бамса сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында долбоорду ишке киргизүү боюнча тендер жарыяланды. Тендер боюнча арыздар ушул жылдын 17-декабрында, саат 14:00гө чейин кабыл алынат.

Бул иштер Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен  «Бишкектеги таштандыны чыгаруу башкармалыгынын системасын жакшыртуу» долбоорунун алкагында ишке ашырылат.

Заманбап технологияларды киргизүү таштандыларды чогултуунун жана сактоонун жаңы системасын түзүүгө мүмкүндүк берет. Мындай ыкма шаар көчөлөрүнүн таза сакталуусуна шарт түзөт.