Марал Радиосу

Бишкекте генерал-майор Иван Панфиловдун жаңыланган эстелиги ачылды (сүрөт)

Бүгүн, 5-декабрда Бишкек шаарынын Панфилов атындагы паркында Советтер Союзунун баатыры, генерал-майор Иван Панфиловдун жаңыланган эстелигинин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарада генерал-майор Иван Панфиловду бир мүнөттүк тыныгуу менен эскеришип, Ардак кароол ротасынын 3 жолку залп менен ок атуусу болду. Ошондой эле эстеликке гүлчамбарлар коюлду.

Иш-чара Панфилов атындагы 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жана Улуттук гвардиянынын Ардак кароол ротасынын саптык жүрүшү менен жыйынтыкталды.