Марал Радиосу

6-10-декабрда Бишкектин кээ бир райондорунда жылуулук, ысык суу убактылуу өчүрүлөт

«Бишкекжылуулукэнерго» ишканасы 6-10-декабрь күндөрү «НГЧ» отканалары тейлеген Крылов, 5 жана «Красный строитель» конуштарында жылуулук жана ысык суу берүүнү токтотот.

Буга көчөдөгү жер астындагы газ түтүгүндөгү газдын агып кетишин жоюу үчүн «Газпром Кыргызстан» ишканасы тарабынан Курманалиев, Алыбаев жана Ломоносов көчөлөрүндө жаратылыш газын берүүнү токтоткону себеп болууда.

«Бишкекжылуулукэнерго» ишканасынан билдиришкендей, аталган райондордо убактылуу жылуулук өчүрүлөт.

«Газпром Кыргызстан» ишканасынын оңдоочу бригадасы жана керектүү техникасы иштеп жатат. Оңдоо иштери бүтөөрү менен белгиленген үйлөргө жылуулук бериле баштайт.