Марал Радиосу

Кыргызстанда «Манас» эпосунун күнү белгиленди

Бүгүн, 4-декабрда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында «Манас» эпосунун күнү салтанаттуу белгиленди. Иш- чара манасчы Назаркул Сейдракмановдун 70 жылдыгына жана манасчы Талантаалы Бакчиевдин 50 жылдыгына арналды.

Ага Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, белгилүү коомдук жана маданий ишмерлер, манасчылар катышты.

Анда «Манас», «Семетей», «Сейтек» жана башка эпостордун жаңы чыккан китептеринин көргөзмөсү да уюштурулду.

Манасчыларга президенттин жана Министрлер кабинетинин төрагасынын энчилүү сааттары, ыраазычылык каттары тапшырылды.

Майрамдык салтанат манасчылар катышкан концерттик программа менен коштолду.

Иш-чаранын соңуда залда отурган жаш муундун катышуусу менен жалпы «Манас» айтылып жыйынтыкталды.