Марал Радиосу

Бишкекте бий спорту боюнча чемпионат өтөт

Эртең, 5-декабрда балдар, жаштар жана чоңдор (5 жаштан жогоркулар) арасында Бишкек шаарынын бий спорту боюнча чемпионат өтөт.

Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, мелдешке 300дөн ашык спортчу катышат — Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын эң күчтүү спортчулары келери күтүлүүдө.

Иш-чара Кыргызстанда бий спортун жайылтуу, өлкөнүн мыкты спортчуларын аныктоо максатында өткөрүлүүдө. Аны Бишкек мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы Бий спорту федерациясы менен биргеликте уюштурууда.

Башталышы: 10:00дө, №29 мектеп-гимназиясы, Горький көчөсү 144.