Марал Радиосу

Бишкекте окуу китептеринин сапаты талкууланат

7-8-декабрда Бишкек шаарында «Жаңы муундун окуу китептери: концепция, тажрыйба, рефлексия» аттуу алгачкы республикалык илимий-педагогикалык конференция өтөт.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Эки күндүк иш-чарада заманбап окуу-методикалык комплекстерди түзүүдө башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы менен таанышуу, окуу китептеринин авторлорунун жана басмалардын, сапат боюнча эксперттердин, усулчулардын, мугалимдердин электрондук жана басма окуу материалдары менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү талкууланат.

Конференцияга жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн мамлекеттик, мамлекеттик эмес билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү,  жогорку окуу жайлардын, квалификацияны жогорулатуу системасынын, билим берүүнүн сапатын баалоо түзүмдөрүнүн, шаардык жана райондук билим берүү башкармалыктарынын өкүлдөрү катышат.

Иш-чара Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ЮНИСЕФ менен өнөктөштүктө өткөрүлөт.