Марал Радиосу

Мелис Турганбаев Күрөш федерациясынын президенти болду

Мурдагы Ички иштер министри Мелис Турганбаев Күрөш федерациясынын президенти болду. Бул тууралуу уюмдун басма сөз кызматынан кабарлашты.

3-декабрда Күрөш федерациясынын кезексиз жыйыны өткөн. Анда уюмдун мүчөлөрү бир добуштан президенттик кызматка көрсөтүлгөн Мелис Турганбаевдин талапкерлигин колдошту.

Турганбаев 2024-жылдын аягына чейин Күрөш федерациясын жетектейт.

Быйыл 23-ноябрда Күрөш федерациясынын президенти Шаршенбек Абдыкеримов кызматынан кеткен.