Марал Радиосу

«Эл өз бийлигин кантип пайдаланып жатканы шайлоодо көрүнүп жатат»

Элдин колуна 5 жылда бир келе турган бийлик бул- шайлоо. Эл ошол бийликти кантип пайдаланып жатканын шайлоодо көрүп жатабыз. Мындай пикирин экс-депутат  Эльвира Сурабалдиева «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал жаңы парламентке «абдан кызыктуу парламент болот окшойт» деген баасын берип, бирок арасында жаңы жүздөр да жок эмес экенин билдирди.

«Мурунку саясат таануучуларды деле окусаң, баары толугу менен бир күндө 100% алмашып кетпейт дешет. Элибиз же жаштардан чарчаганбы, же мейли, муну тааныйбыз деп алып келип жатабы, же кайра эле тууганчылык, жердешчилик жеңип атабы, же белгисиз бир акчалай схемалар жеңип кеттиби, элдин оор абалы менен колдонуп, добуш сатып алуулар болдубу, азыр мен аны аныктай албайм.  5 жылда бир жолу элдин колуна түшө турган бийлик бул — шайлоо. Ошол бийликти кантип пайдаланып жатканын шайлоодо эл көргөзүп жатат. Биз 30 жылдан бери тигил күнөөлүү, бул күнөөлүү деп айтып келе жатабыз, бирок шайлоого келгенде эл тандап койсо, эчтеке дей албай калат экенсиң», -деди ал.