Марал Радиосу

Социалдык стационардык мекемелерде тамак-ашка бөлүнгөн акча эки эсе көтөрүлөт

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-декабрда Беловодск балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барды.

Ал социалдык мекеменин тарбиялануучуларынын тамак-аш, окуу жана жашоо-шарттары менен таанышып, сабактарына катышып, белектерин берди.

Жапаров балдардын тамак-ашына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, социалдык стационардык мекемелерде бир баланын күнүмдүк тамак-ашына 110 сом сарпталат. Жапаров бул жетишсиз экенин айтты.

Буга байланыштуу ыкчам түрдө өлкөнүн бардык социалдык мекемелеринде тамак-аш үчүн бекитилген акчалай ченемди эки эсе көтөрүү боюнча Министрлер кабинетинин чечимин иштеп чыгууну тапшырды.

Ал Беловодск балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин директору Акылбек Асановго мекемеге каржылык колдоо иретинде 500 миң сомдук сертификат берди.