Марал Радиосу

Арзыбек Кожошев Евразиялык конгресстин пленардык кеңешмесине катышты

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Орусиянын Москва шаарында өткөн экинчи Евразиялык конгресстин пленардык кеңешмесине катышты.

Кожошев санариптик өнүгүү «жашыл» экономика жана энергиянын кайра жаралуучу булактары, транспорттук-логистикалык инфраструктура чөйрөсүндө ири инфраструктуралык инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун артыкчылыгын жана келечегин, ошондой эле илимий-изилдөө иштерин колдоо зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле ал Кыргызстандын ири гидроэнергетикалык потенциалынын фонунда энергетикалык долбоорлорду өнүктүрүүнүн стратегиялык маанисин билдирди.