Марал Радиосу

Балдар онкологиясынын негизги себептери — генетикалык мутация

«Балдар онкологиясынын негизги себептери — генетикалык мутация. Генетикалык мутация — бул математикалык жактан эсептелине турган нерсе,  бул өзгөрбөйт. Андыктан балдар онкологиясынын көрсөткүчү дүйнө жүзүндө бирдей болот экен. Бизде 100 миң балага 13-15 бала туура келиш керек. Бирок биз 3-5 баланы көрбөй калып атабыз. Алар же Бишкекке жетпей калып атат, же чет өлкөгө чыгып кетип жатат», — дейт Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар онкологиясынын жетекчиси Султан Стамбеков «Маралдын» эфиринде.

Дарыгер  балдар онкологиясын алгачкы стадияларында байкоого болорун, бирок оорунун алдын алуу мүмкүн эместигин билдирди.

«Чоңдордо өпкөнүн рак оорусу тамеки чеккенден пайда болот. Эгер тамеки тартпагыла десең, оору азаят. Ал эми балдарда эмнеден пайда болорун биле албайбыз. Бирок эрте диагностиканы жүргүзүүгө болот. Ал үчүн жергиликтүү адистерди аябай жакшы окутуш керек»,  — деди Стамбеков.

Онколог 10-15 жыл мурдагы абалга караганда, азыр балдар онкологиясында абал кыйла жакшы экенин билдирди. Айтымында, мурун такыр жардам берилчү эмес. Азыр дарылардын 80-90%ы бар. Бирок улам жаңы дарылар, жаңы изилдөө методдору, жаңы изилдөө анализдери чыгып жаткандыктан алардан артта калбаш үчүн мамлекеттен да, катардагы жарандардан да  ар дайым жардам керек.

Exit mobile version