Марал Радиосу

Бишкекте таэквондо боюнча ачык чемпионат өтөт

4-декабрда Кожомкул атындагы спорт ордосунда таэквондо боюнча эл аралык ачык чемпионат өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Маалым болгондой, чемпионатка Бишкек шаарынын бардык командалары, ошондой эле Чүй, Ош, Баткен облустарынан, Казакстан менен Өзбекстандан келген спортчулар катышат.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы КР Таэквондо академиясы менен биргеликте уюштурууда.

Мелдеш саат 09:00дө башталып, расмий ачылышы саат 13:00дө болот.