Марал Радиосу

Президент менен Жогорку Кеңештин иш башкармалыктары бирикти

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону өркүндөтүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Президент менен Жогорку Кеңештин иш башкармалыктары бириктирилет. Тагыраагы, эки башкармалыктын кошмо базасы түзүлөт.

Айта кетсек, буга чейин Президент менен Министрлер кабинетинин администрациясы, иш башкармалыктары да бириктирилген эле.