Биз менен байланышыңыз

Талапкер: Шайлоого аралашты деп, президент иштен алган Лейлектин акими кайра ордуна келип алды

Видео , Кыска кабар | 2 Дек 2021 | 9285 | 1

№1 Лейлек шайлоо округунан ЖК депутаттыгына талапкер Исманали Жороев шайлоо иштерине аралашкан айрым чиновниктер кайрадан кызматка келгенин БШКнын жыйынында айтты.

Анын айтымында, Лейлек районунун акими талапкерлердин бирине колдоо көрсөттү деген негизде кызматынан убактылуу бошотулган.

«Мыйзамда «жетекчи кызматта тургандар шайлоо убагында үгүткө аралашпасын, эгер катышууну кааласа анда кызмат ордун тапшырып кетиши керек» деп турат. Бирок, андан кийинки беренеде буга карама-каршылык бар. Мисалы шайлоо учурунда кызматынан убактылуу бошотулсун деген. Бул жерде президент өзү шайлоо иштерине аралашты деп кызматынан бошотулган аким кайра эле өз ордуна келип жатат. Бул — адилетсиздик», — деп кошумчалады талапкер Жороев.

27-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын тескемесинин негизинде Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов кызматынан убактылуу четтетилген. Минкабдын бул тескемеси Президенттиин 1-декабрда кол койгон тескемесинин негизинде жокко чыгарылды.

Белгилей кетсек, бүгүн БШКнын мүчөлөрү менен бир мандаттуу округдан чыккан талапкерлердин жолугушуусу болду. Анда добуш сатып алуулар, мыйзам бузуулар боюнча тыкыр иликтөөлөр жүрбөй жатканы айтылды.

1 пикир

1 пикир

  1. садыков мажит

    03.12.2021 09:36

    Биздин ажо айта берет айтканынан кайта берет.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM