Эртең, 3-декабрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +14…+19;
Талас жергесинде түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +5…+10;
Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…+4;
Бишкекте 3-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +17…+19 градус жылуу.