Марал Радиосу

Шайлоо: Кол санактын 63 пайызы серверге киргизилди

Бүгүн, 2-декабрь саат 11:00гө карата Жогорку Кеңешке бирдиктүү шайлоо округу боюнча бюллетендердин 63,15 пайызы маалыматтык серверге киргизилди.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бюллетендер кол менен саналып бүткөнүн, серверге киргизилип жатканын кабарлаган.

Кол менен саналган бюллетендердин алдын ала жыйынтыгында алты партия 5 пайыздык босого чектен өтүштү:

«Ата-Журт Кыргызстан» — 15,87%;

«Ишеним» — 13,43%;

«Ынтымак» — 12,47%;

«Альянс» — 7,47%;

«Ыйман Нуру» — 6,78%;

«Бүтүн Кыргызстан» — 6,33%.

28-ноябрда парламенттик шайлоо аяктап, жыйынтыктар санала баштаганда БШКнын автоматташтырылган системасы бир канча убакытка иштебей калган. Кайра ишке киргенде добуштардын көрсөткүчү өзгөрүп кеткен.

Бул шайлоого катышкан партиялар арасында жана коомчулукта күмөн ойлорду пайда кылган.

УКМК буга байланыштуу териштирүү ишин жүргүзүп жатат.