Марал Радиосу

Чек ара кызматы: Тажик тараптан ок атуу болду

Бүгүн, 1-декабрь саат 21:15 чамасында Баткен облусундагы Дахма аймагында чек ара сызыгына жакын жерде тажик тараптан белгисиз адамдар 7-8 жолу ок чыгарышты. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, болжол менен ок аңчылык куралдан атылган. Кырдаалды тактоо үчүн жерине Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара тозотторунун жетекчилери барып, ок аткандарды издөө боюнча сүйлөшүү жүргүзүшкөн.

Окуя тууралуу жергиликтүү укук коргоо органдарына маалымат берилди.

Баткен боюнча чек ара өкүлү Кыялбек Төлөнбаев Тажикстандын Согди облусу боюнча өкүлү менен телефон аркылуу сүйлөшүп, чек арада чагымчылдыкка жол берилбеши керектигин талкуулашты.

Чек ара кызматы билдиргендей, саат 22:30га карата чек арада абал туруктуу, бирок бир аз чыңалуунун белгилери бар.

Exit mobile version