Марал Радиосу

ИИМ: Текебаевге кол салгандарды аныктоо иши жүрүүдө

Ички иштер органдары саясатчы Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча кылмыш ишин козгоду.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Учурда Текебаевге кол салган адамды ыкчам аныктоо, өздүгүн тактоо иштери жүрүп жатат.

Кылмыш жасаган адамды изин суутпай тезинен кармоо үчүн зарыл болгон бардык чаралар көрүлөт.

Бул иш Ички иштер министринин жеке көзөмөлүнө алынды.