Марал Радиосу

«Дордой» футболдук клубуна жаңы машыктыруучу дайындалды

Мурат Жумакеев «Дордой» футболдук клубуна башкы машыктыруучу болду. Бул тууралуу команданын расмий сайтына жарыяланды.

Мурат Жумакеев 2017-жылдан бери клубдун резеврдик курамындагы оюнчуларды машыктырып келген.

Ушул жылдын ноябрь айынын башында Александр Крестинин башкы машыктыруучу кызматынан кеткен. Анын жетекчилиги астында «Дордой» төрт жолу катары менен Кыргызстандын чемпиону (2018, 2019, 2020, 2021), эки жолу Кубоктун (2017, 2018) жана Суперкубогунун (2019, 2021) ээси болгон.