Марал Радиосу

Түркиянын окуу жайы Касым Тыныстановду эскерди

Түркиянын Анкара шаарындагы Гази университетинде кыргыз профессионал жазма адабиятынын түптөөчүлөрүнүн бири, кыргыз тилинин грамматикасы менен морфологиясынын негиздөөчүсү, акын, жазуучу, драматург, агартуучу, мамлекеттик ишмер Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Иш-чарага катышкан Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Гази университетинин ректору Муса Йылдыз, профессор Хулья Касапоглу Ченгел Касым Тыныстановдун Кыргызстандын илим-билимин өнүктүрүүгө, кыргыз мамлекетин түптөөгө кошкон салымын студенттерге айтып беришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө Касым Тыныстановдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу кыскача видеоролик да көрсөтүлдү.