Марал Радиосу

Шевченконун Ысык-Көлдүн жээгинде машыгып жаткан видеосу

UFCнин аялдар арасындагы эң жеңил салмактагы чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко Ысык-Көлдүн жээгинде машыгып жаткан видеосун Инстаграм баракчасына жарыялады.

Шевченко Ысык-Көлдүн жээгинде машыгууну сагынып калганын, Ысык-Көл ага дем-күч берген жер экенин жазды.

Валентина Шевченко 21-ноябрда Кыргызстанга келген. 22-ноябрда күйөрмандары менен жолугуп, суроолорго жооп берген.

Ал 2018-жылдын 9-декабрында польшалык Йоанна Ежейчикти жеңип, чемпион болгон. Андан бери алты жолу чемпиондук курун ийгиликтүү коргоп калды.