Марал Радиосу

АКШнын Оксфорд мектебинде атышуу болуп, үч өспүрүм каза тапты

АКШнын Мичиган штатындагы Оксфорд мектебинде өспүрүм ок чыгарып, үч окуучу каза таап, дагы сегиз адам жаракат алды. Бул тууралуу CNN билдирди.

Жаракат алгандардын алтоо полиция кызматкери, экөө окуучу экени айтылды. Учурда эки окуучуга хирургдар жардам көрсөтүп жатканы, алты полиция кызматкеринин абалы жакшы экени кабарланды.

Окуя 30-ноябрда түштөн кийин болгон. Мектептин имаратына жарым автоматикалык пистолет көтөрүп кирген 15 жаштагы окуучу ок чыгарган.

Окуя башталгандан 5 мүнөт өтпөй жерине келген коопсуздук кызматкерлерин да аткан. Натыйжада алты полиция жеңил жаракат алган.

Өспүрүм жеринде колго түшүрүлүп, камакка алынган.